InterNICHE



  About InterNICHE
  News
  Alternatives
  Conscientious Objection
  Resources
  How you can help
  Sponsors
  Site Map
  Links
  HOME

Introduction in other languages


 



InterNICHE Co-ordinator
Nick Jukes
42 South Knighton Road 
Leicester LE2 3LP 
England 

Tel/Fax +44 116 2109652

coordinator@interniche.org



 Introduction - Kyrgyz

 

Жаныбарларга эксперимент жасоодо сизди ойлонто турбай койгон жактар барбы?

Жаныбарларды кыйноого салууга эч кандай себеп жок: мейли алар бычакка астында изилдөө жасоо үчүн өлтүрүлгөн болсун, мейли окуу жана машыгуу иретинде пайдалана турган болсун. Замандын шарына туура келген жаныбарлардын жанын сактап калган инновациялык ыкмалар эмитен кеңири жайылган жана көпчүлүк университеттер боюнча алар көнүмүш  да болуп калышты.

Жаныбарларга зыян келтирүүдөн жолдордон алыс болуу этикалык нукта билим алуу менен туура келет, анын максаттарына жакын жана пайдадан бөлөк эчтеке алып келбейт. Өнүккөн компьютердик технологиялар бир катар мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылууда: алар убактылуу (виртуалдык) изилдөөлөр жана эскперименттик лабораториялардан экранда көрсөтүлчү телевизиондук берүүлөрдөн баштап толугу менен убактылуу чындык чөгөрмө клиникалык тартиптердин симуляциясына чейин камтыйт. Азыркы күндөгү клиникалык билиштердин жана хирургиялык практиканын көрсөтмө куралдар микрохирургиялык калыптар жана тери каптагандай чындыкка окшош жасалма мүчө жана кайта берилчү реакциялар механизм менен жабдылган манекендерди да камтыйт. Башка ыкмалардын эсебине ыктыярдуу студенттердин өзүнө өзү эксперименттер коюу менен компьютерге туташкан нерв/булчуңга стимуляция кылган эксперменттик аспаптардын пайдалануусу кирет.

Этикалык билим берүү жаныбарлар катышуусу менен өтүүгө мүмкүн. Качан ветеринария студенттер өзүнүн машыккан устаттарына клиникалык жумуштарда жардам берип жатканда, алар клиникалык билиштердин бир тобун өздөштүрө алышат, алардын ичинде сыркоолорду багуу жана жашоону урматтоо менен мамиле кылууга да үйрөнүшөт -- анын тескерисинче жаныбарларга эксперимент жасоодо жаныбарларды жок кылып алардын орун улам толукталчу курал катары кароого  үйрөтөт. Качан биология студенттер жаныбарларды алардын көнгөн айлана-чөйрөсүндө байкаган болушса, алар жаныбарлардын жүрүм-туруму жөнүндө аларга лабораториянын ичинде эксперимент жасагандан көрөкчө далай пайдалуу нерселерди билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жана медициналык студенттерге бекерге берген өлгөндөрдүн денелерине изилдөө жасагандай эле, ветеринария жана биология студенттер илдеттен же жаракат кесепетинен өлгөн жаныбарларга этикалык изилдөөлөрдү жасай алышат.

Изилдөө убагында өлтүрүлгөн жаныбарлардын пайдалануусу студенттерди жана үйрөнчүктөрдү изилдеген объект жөнүндө билим алуу жагынан аны этикалык ыкмалар пайдаланып үйрөнгөндөн эч кандай артыкчылыкты бербейт.  Бирок, жаныбарларга эксперимент жасоо алардын жашоосу этибарга албай турган бир арзыбаган нерсе катары болгон көз карашты таркаткан бирден-бир себеби болот. Биз чыны менен эле ветеринарлардын, изилдөөчүлөрдүн жана врачтардын тирүү жанга пайдаланып алгандан кийин аны артка бурулуп карап койбогон адистер катары болуп калыптанышын каалайбызбы? Эмне үчүн жаныбарларлар өзүнүн көнгөн жапайы айлана-чөйрөдөн алынып, өмүрү бою  кичинекей капастарга камалып, өзүнүн ички мүдөөлөрү ичтерине толуп, аткарылмак түгүл ачыкка чыкпай, акыры алар өз мүчөлөрүнүн ээлигинен ажырап же ичек-карды аңтарылткан кан жалаткан эксперименттердин натыйжасында изилдөөчүнүн үстөлүндө жандарын бериши керек?

Басууга чыккан илимий изилдөөлөргө караганда билим алуу, адистик 
ыктарын үйрөнүү жана этикалык аң-сезимдин өсүшү прогрессивдүү, 
альтернативалуу ыкмалар пайдаланганда алда канча тез жана 
өнүмдүү болуп өтөт. Студенттер жана үйрөнчүктөр өзүнүн 
ички-дүйнөсүнүн этикалык ишенимдери менен бир болгон жаныбарларга 
эч залакасы тийгизбеген алда качан жагымдуу айлана-чөйрөдө окууга 
берилип убакыт өткөрө алышат. Андай өзгөртүүнү турмушка ашырууга 
сиздин да күч-дареметиңиз бар. Жаныбарларга зыян алып келген 
пайдаланууну токтотууга InterNICHE жардам үчүн кайрылгыла. Этикалык 
нукта өткөн билим алууну тандагыла!

News release
Other languages


 About InterNICHE
 News
 Resources
 Alternatives
 Conscientious
   Objection

 How you can help
 Sponsors
 Site Map
 Links
 HOME
o